Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:28

Аба ырайы: үшүк жүрүшү мүмкүн


Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 23-сентябрда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын жок, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Суусамырда түнкүсүн -2…+3, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткенде түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…13 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 23-сентябрда күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт.

Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 24-сентябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт. Айрым жерлерде батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 18-23 метрге жетиши ыктымал. Абанын табы төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5 градус үшүк жүрүп, жыйнала элек жашылча-жемиштерге, казылбаган картөшкө жана кант кызылчасы үчүн коркунуч алып келет.

XS
SM
MD
LG