Иран АКШнын талабына карабай ракеталык программасын улантып, өлкөнүн аскердик кудуретин күчтөндүрөт. Бул тууралуу президент Хасан Роухани бүгүн 1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушун эскерүүгө багытталган Тегерандагы аскердик парадда билдирди.
"Биз өз өлкөбүздү коргоо үчүн эч кимден уруксат сурабайбыз", - деди Роухани.
АКШ президенти Дональд Трамп 19-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Иранды террорчуларды калкалайт деп күнөөлөп, Тегеран өкмөтүн "коррупциялашкан диктаторлук" деп атаган. Ошондой эле Ирандын баллистикалык ракеталарды кайра-кайра сынаганы 2015-жылы кабыл алынган өзөктүк келишимге шек келтирерин айткан.
Роухани 20-сентябрда Улуттар уюмундагы кайрылуусунда Трамптын айтканын "акылга сыйгыс" деп мүнөздөгөн.