Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Ашхабад-2017: Алыш күрөшүнөн кыргызстандык эки балбан финалга чыкты


Нурбек Кожобеков жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында. Ашхабад. Түркмөнстан. 22-сентябрь, 2017-ж.
Нурбек Кожобеков жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарында. Ашхабад. Түркмөнстан. 22-сентябрь, 2017-ж.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарынын алкагында болгон алыш күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык балбандардан Нурбек Кожобеков менен Мээрим Момунова финалда күрөшөт.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бүгүн, 22-сентябрда алыш күрөшүнүн эркин стилинен күч сынашуулар башталып кыз-келиндер жана эркектер арасында алтыдан салмакта балбандар байге үчүн күч сынашып жатат.

Кыргызстандан 14 балбан килемге чыккан. Алардын арасынан Мадаминбек Шаршеналы уулу (-70 кг.) жана Анара Рыскулова (-55 кг.) коло байге алышты. Ал эми Нурбек Кожобеков (-90 кг.) менен Мээрим Момунова (-60 кг.) экиден атаандаштарын жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де башталат. Алыш күрөшүнүн классикалык түрү боюнча таймаштар эртең, 23-сентябрда болот.

Кыргызстан сунуштаган Алыш күрөшү бул мелдештердин программасына алгачкы жолу кошулду.

Жабык имараттагы жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндары 17-сентябрда башталган. Ага 64 өлкөдөн жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спорчу катышып, спорттун 21 түрүнөн мелдештерге катышты.

Кыргызстандан 153 спортчу спорттун 17 түрүнөн ат салышып жатат. Учурда Кыргызстандын спортчуларында 32 байге бар. Алардын экөө алтын, 10у күмүш, 20сы коло. 32 байге менен Кыргызстан медал алган өлкөлөрдүн катарында азырынча 15-орунда. 153 байге менен Түркмөнстандын командасы көч башын жетектеп бара жатат. Түркмөн спортчулары 59 алтын, 43 күмүш, 51 коло. Алар алган байгелердин басымдуу бөлүгүн түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү, казак күрөшү, өзбек күрөшү жана жиу-житсу спортунан алынган медалдар түзөт. (ECh).

XS
SM
MD
LG