Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:38

Львов сотунда Михаил Саакашвилинин иши каралууда


Михаил Саакашвили Киевдеги тарапкерлери менен, 19-сентябрь.

Украин соту грузин саясатчысы Михаил Саакашвилинин Украинага кайтып келиши боюнча ишти кароону улантууда. Львов шаарындагы жума күнкү сот отурумуна украин атуулдугунан ажыратылган Саакашвили өзү катышкан жок.

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Саакашвили 10-сентябрда Польшадан Украина аймагына кирген. Ал өз жактоочулары менен украин чек арачыларынын тосмосун бузуп өткөн.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок баш прокурор Юрий Луценко Саакашвили Украинада жашоого укук берген документи колунда турган учурда камакка алынбастыгын айткан.

Саакашвили аны жарандыктан ажыратууга негиз берген документтерди талап кылууда. Грузин саясатчысы АКШда жүргөндө украин жарандыгынан ажыратылганы 26-июлда белгилүү болгон. Буга Саакашвилинин эки жыл мурда украин атуулдугун алаарда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG