Британ премьер-министри Тереза Мэй Брекситтен кийинки эки жылдык өткөөл мөөнөт үчүн өз сунуштарын жарыялады. Ал 22-сентябрда Италиянын Флоренс шаарында сүйлөп, Британия өткөөл мөөнөттө Евробиримдиктин бирдиктүү базарында калгысы келерин, ал үчүн уюмдун бюджетине тиешелүү акыны төлөп турарын айтты.
"Бул мөөнөт ичинде адамдар Британияга келип, жашап иштей беришет. Бирок каттоо системасы болот. Ал жаңы режим үчүн маанилүү камылга",-деди Мэй.
Ал ошондой эле расмий Лондон "убадаларын аткараарын" айтып, уюмдан чыккандар төлөй турган каражат Евробиримдикке берилерин ишара кылды.
Тереза Мэй мындай билдирүүсүн Евробиримдик менен Британиянын ортосундагы Брексит сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелген учурда жасады. Сүйлөшүүлөр Британия уюмга канча акча төлөйт деген маселеге келгенде алдыга жылбай калган.