Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалдык таймашы болот. Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлагандай, кубок үчүн борбордук “Дордой” жана Оштун “Алай” клубдары ойношот.
Оюн саат 17:00дө башталат. Жеңүүчү командага Кыргызстандын 2017-жылдагы кубогу жана 200 миң сом байге ыйгарылат.
“Дордой” Кыргызстандын кубогун сегиз жолу уткан. Ал эми “Алай” 2013-жылы бир жолу жеңген. (SDz)