Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Өзбекстан БУУнун адам укугу боюнча өкүлчүлүгүн ачат


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШга сапарынын алкагында Самаркандда адам укугу боюнча Азиялык форумду өткөрүү демилгесин айтты. Бул тууралуу Эл аралык пресс-клубдун жыйынында адам укугу боюнча Улуттук борбордун директору Акмал Саидов билдиргенин Podrobno.uz кабарлайт.

Саидов өзбек президенти Өзбекстанда БУУнун адам укугу боюнча Жогорку комиссарынын расмий өкүлчүлүгүн ачууну демилгелегенин белгилейт. Ал Ташкенттин бул кадамын Өзбекстандын ачыктыкка карай саясатынын бет алышы жана адам укугу жаатында бардык орчундуу маселелерди талкуулоодо мамлекет жабык өлкөлөрдүн катарынан чыгууга кадам таштап жатат, - деп баалады.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укугу боюнча Жогорку комиссарынын Ташкенттеги өкүлчүлүгү 1993-жылы ачылып, 2006-жылы жабылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG