Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Аба ырайы: жаан жаайт


Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 24-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Мезгил-мезгили күн күркүрөшү, тоолордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы күтүлүп жатат Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетмекчи.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Суусамырда түнкүсүн -1…-6, күндүз 11…16;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Баткенде түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…13, күндүз 18…23;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз 7…13 градуска чейин көтөрүлөт.

Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетмекчи. Абанын температурасы түнү 8…10, күндүз 17…19 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG