Кыргыз улуттук университетинде окумуштуу, археолог “Данакер”, “Манас” ордендеринин ээси, Евразия чөлкөмүндөгү элдин археологиясын, тарыхын изилдеген Юлий Худяковдун 70 жылдыгы белгиленди. Мааракеге Кыргызстандын тарыхчылары, илимий чөйрөдөгү адамдар жана чет өлкөлөрдөн келген меймандар катышты.
Иш-чараны “Мурас” тарыхый коому демилгелеп, Худяковдун археологиялык жаңы изилдөөлөрү боюнча китеп бастырганын “Азаттыкка” аталган коомдун жетекчиси Кыяс Молдокасымов билдирди.
Юлий Худяков 1947-жылы 8-декабрда америкалык сүрөтчү Амалия Геккер менен орусиялык геолог Сергей Худяковдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал өз өмүрүн Түштүк Сибир, Борбор Азия, Монголия, Саян-Алтайдагы элдердин тарыхын, археологиясын изилдөөгө арнаган. (BCh)