Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Иран баллистикалык ракетаны ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жарыялады


Тегерандагы аскер парады (22-сентябрь, 2017-ж)
Тегерандагы аскер парады (22-сентябрь, 2017-ж)

Иран 2 миң километрге учуп жетчү жаңы баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөнүн жарыялады. Бул тууралуу 23-сентябрда мамлекеттик каналдар маалымдап, бирок ракетанын сыноодон өткөргөн күнүн айткан жок.

Жаңы ракетаны Тегерандагы аскер парадында көрсөттү. Ага Иран президенти Хасан Роухани да катышып, мындан ары мамлекет ракеталык потенциалды өнүктүрө берерин билдирди. Тегеран бул ракеталар өлкөнүн коргонуусу үчүн гана керектигин маалымдады.

Буга чейин БУУнун трибунасында АКШ президенти Дональд Трамп Ирандан ракеталарды сыноодон өткөрүүнү токтотууга чакырган. Трамп Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди сындап, аны карап чыгууну убада кылган. (SDz)

XS
SM
MD
LG