Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Футбол: “Дордой” Кыргызстандын кубогун утту


"Дордой" (сары) менен "Алайдын" (ак) оюну.
"Дордой" (сары) менен "Алайдын" (ак) оюну.

Бишкектин “Дордой” командасы Кыргызстандын кубогунун финалдык оюнунда Оштун “Алай” клубун жеңди. 23-сентябрь күнү кечинде өткөн оюндагы негизги жана кошумча убакыттар 0:0 эсеби менен аяктап, чемпион пенальти тебүүдө аныкталды.

Он бир метрлик тебүүдө “Дордойдун” дарбазачысы эки топту тосуп, жалпы эсеп 4:3 менен аяктады.

“Дордой” финалга чейин “Наше”, “Кара-Балта” жана “Абдыш-Ата” клубдарын жеңип чыккан. Ал эми “Алай” клубунун футболчулары “Майлуу-Суу”, “Алай-2” жана “Нефтчи” командаларын утуп, финалга жеткен.

Финалдык беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

“Дордой” Кыргызстандын кубогун сегиз жолу уткан. Ал эми “Алай” 2013-жылы бир жолу жеңген. (SDz)

XS
SM
MD
LG