Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:00

Сирия министри согуш аяктап калганын айтты


Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем (солдо) жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Алты жылдык жарандык согуштан кийин Сириянын өкмөттүк күчтөрү өлкөдө тынчтыкты орноткону калды. Бул тууралуу Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып билдирди.

Министр Алеппо менен Пальмирада көзөмөлдүн орношу, Дейр эз-Зордо согушкерлерлердин жеңилиши жана Сириянын көпчүлүк райондорунда терроризмдин жоголушу жеңиштин жакындап калганынан кабар берерин айтты.

Батыш өлкөлөрү жана укук коргоочу уюмдар Башар Ассаддын режимин тынч жарандардын өлүмү жана химиялык куралды колдонгону үчүн айыптап келет. Муаллем БУУнун трибунасында кайрадан бул айыптарды четке какты.

Батыш агенттиктеринин маалыматына караганда, Сириядагы жарандык согуштан 330 миңден ашык адам өлүп, 5 миллиондон ашык жаран жер которууга аргасыз болгон. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG