Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Кытай Түндүк Кореяга каршы чектөө чараларын киргизди


Түндүк Кореядагы ракета сыноо (архив)
Түндүк Кореядагы ракета сыноо (архив)

Кытай Түндүк Корея менен соода жүгүртүүнү кескин азайтууну чечти. Бул Пхеньян үчүн сезилээрлик чара болушу мүмкүн, себеби Бээжин Түндүк Кореянын негизги соода шериктеши болуп саналат.

11-декабрдан тарта Кытай текстилди импорттону тыйып жатат. Бул убакытка чейин келишимге кол коюлган бардык милдеттенмелер аткарылып бүтүшү керектигин Кытай бийлиги маалымдады.

Мындан тышкары Түндүк Кореяга суюлтулган жаратылыш газын эскпорттоодо чектөө киргизилүүдө. Бул дароо күчүнө кирип, атүгүл чек арада турган продукциялар да кайра кайтарылат.

Буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизген резолюция кабыл алган. Ага ылайык, БУУга мүчө өлкөлөр Пхеньянга жыл аягына чейин 500 миң баррелден ашык мунай экспорттобошу керек. Кытай бул талаптарды сактоого макул экендигин билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG