Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

БШК: добуштарды толук эсептеп чыкканга 10 күн жетиштүү


БШК имараты
БШК имараты

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептеп чыкканга 7-10 күн жетиштүү болорун айтты. Ал мыйзам боюнча буга 20 күн каралганы менен жыйынтыкты мүмкүн болушунча эртерээк жарыялоого шайлоо комиссиясы аракет кыла турганын 23-cентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" коомдук кыймылынын өкүлдөрү менен жолукканда билдирди:

- Биз акыркы жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгын бир жумага жетпей эле жарыялап жаттык. Ошондуктан президенттик шайлоонун жыйынтыктарын деле көпкө созбойбуз деп ойлойм. Ал үчүн бизге 7-10 күн жетиштүү болот.

Шайлдабекова шайлоо эки айлампа менен өтө турган болуп калса, азырынча экинчи айлампанын кайсы күнү болоорун айтуу эрте экенин билдирди. Бирок болжол менен бул 10-ноябрь менен 20-ноябрь күндөрдүн аралыгында болушу мүмкүн экендигин кошумчалады.

15-октябрда боло турган президенттик шайлоого 13 талапкер ат салышууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG