Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Казакстандын айрым райондорунда кар жаады


Астана шаары (архив)
Астана шаары (архив)

Алгачкы кар себелеп жааганы менен сентябрь айында кар жааган учур Казакстан үчүн өтө сейрек көрүнүш. Социалдык түйүндүн колдонуучулары жайгаштырган фото жана видеолордо алгачкы кар өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгышында жааган. Ошондой эле Астана менен Карагандыда да майда кар жаап өткөн.

Ал эми Тengrinews агенттиги жекшемби күнү Казакстандын көпчүлүк аймагында аба ырайы суук болуп, кар аралаш жамгыр жаашы мүмкүн экенин кабарлады.

Өз кезегинде Кыргызстандын синоптиктери да абанын температурасы төмөндөп, өлкө боюнча жаан жаай турганын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG