Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:38

Өзбекстан: 1-октябрдан тарта чет элдик валютаны сатып алууга уруксат берилет


Өзбек бийлиги акыркы он жылдан бери алгачкы жолу чет элдик валютаны накталай сатып алууга уруксат берүүдө. Бул операцияларды жүргүзүү 1-октябрдан тарта ишке кирерин премьер-министр Абдулла Арипов билдиргенин Reuters кабарлады.

Учурда өзбекстандыктар чет элдик валютаны пластикалык төлөм картасы аркылуу гана сатып алышат жана аны чет өлкөдө гана каалагандай колдонууга уруксат.

Өзбек өкмөт башчысы улуттук валюта мындан ары девальвация болоор-болбосун акча базары аныктаарын да кошумчалады.

Өзбекстанда 5-сентябрдан тарта акча алмаштыруу пункттарында жеке жактарга валюта сатууга уруксат берилген. Sputnik Өзбекстан маалымдагандай, ага уруксат берилгенден бери жарандар банктар аркылуу 200 миллион доллар, ал эми юридикалык тараптар 100 миллион доллар алмаштырган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG