Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:35

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы БШКга жолдогон катында Чубак ажы Жалиловдун шайлоодогу үгүт ишине аралашканы боюнча түшүндүрмө берди. Катта Чубак ажы Жалилов Аалымдар кеңешинин мүчөсү экендиги айтылып, бирок аталган Кеңештин атынан расмий бир гана Аалымдар кеңешинин төрагасы сүйлөөгө укуктуу экендиги белгиленген.

Муфтий Максат ажы Токтомушев “Азаттыкка” буларды белгиледи:

- Аалымдар кеңеши биздин муфтиятка кирбейт. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына муфтий, орун басары, фатва бөлүмү өңдүү кызматтар кирет. Аалымдар кеңеши муфтияттан жогорку орган, андан дагы жогору Курултай бар. Демек ал киши (Чубак ажы Жалилов) биздин муфтиятта иштебейт.

Мусулмандар дин башкармалыгы Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов үгүт учурунда талапкерлердин бирин колдоп өз атынан гана чыгып сүйлөгөнүн, жаран катары талапкерлердин программасын ар тараптуу талкуулоого укуктуу экендигин белгилеп, мыйзамды бузбаганын кабарлады.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Жалал-Абаддагы эл менен жолугушуусунда Чубак Жалиловдун сүйлөгөн сөзү тартылган видео 20-сентябрда интернетте тараган. Тасмада Жалилов "Жээнбековду колдойбуз деп келип отурабыз" деп айткан.

Бул боюнча жарандык активисттер диний ишмер шайлоо мыйзамын бузуп жатат деп БШКга кайрылышкан.

Бүгүн БШК Чубак ажы Жалиловдун дарегине келип түшкөн арызды өз жыйынында карап жатат.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов буга чейин муфтий болуп да иштеген. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG