Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Төрөбаевдин штабы КТРКдан берилген материал боюнча БШКга кайрылат


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Бул тууралуу президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Арыз жазууга 23-сентябрда “Ала-Тоо 24” каналынан “Өнүгүү партиясынын агитаторлору акча таратып жаткан видео чыкты” аттуу материалдын берилиши себеп болгон.

“Бакыт Төрөбаевдин борбордук штабы бул тасма чагымчылдык маанайда атайын дайындалган кишилердин катышуусу менен тартылганын жана “Өнүгүү-Прогресс” партиясына тиешеси жоктугун расмий түрдө жарыя кылат. Тилекке каршы, КТРК каналынын жетекчилиги маалыматтын чындыгын далилдебей туруп, күмөндүү тасманы тастыкталган факт катары көрсөтүп жатканын мыйзамсыз деп эсептейбиз”, - деп жазылат Төрөбаевдин расмий баракчасындагы билдирүүдө.

Бакыт Төрөбаевдин штабы КТРКда көрсөтүлгөн тасмага укуктук баа берүү жана КТРК каналы менен "Кабарлар" сайтынын аккредитацияларын жокко чыгаруу боюнча БШКга арыз менен кайрылууну көздөөдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG