Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Күрт лидери референдумдан баш тартпастыгын айтты


Масуд Барзани
Масуд Барзани

Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном аймагынын лидери Масуд Барзани 25-сентябрга белгиленген көз карандысыздык боюнча референдум токтотулбай турганын билдирди. Ал жекшембиде Эрбил шаарындагы маалымат жыйынында референдум эгемендик сүйлөшүүлөрүндөгү биринчи кадам болоорун айтты:

"Референдум чек араны аныктоону максат кылбайт. Биз Багдад менен терең диалогду баштоого даярбыз",-деди Барзани.

Ирактын премьер-министри Хайдар ал-Абади телекайрылуусунда күрттөрдүн референдумун мыйзамсыз жана тынчтык аракеттерине каршы келет деп атады.

Өткөн аптада Ирактын Жогорку Соту да референдумдун мыйзамдуулугу боюнча маселе чечилмейинче добуш берүүнү токтото туруу керек деген чечимге келген. Күрт референдумуна Түркия менен Иран да кескин каршылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG