Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Бишкек архитектурасынын эки кызматкери пара алууга шектелүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкек архитектурасынын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан кабарлашты.

Расмий билдирүүдө айтылгандай, аталган кызматка Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгынын кызматкерлери керектүү архитектуралык-техникалык чечим алуу үчүн эки миң АКШ долларын талап кылып жатканын айтып Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Натыйжада атайын оперативдик ыкчам аракеттер көрүлүп, Бишкек шаарынын архитектура башкы башкармалыгынын жетектөөчү адиси 1500 доллар акча алып жаткан жеринен, ушул эле башкармалыкта башкы адис болуп иштеген дагы бир адам 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалган кызматкерлер Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313 (пара талап кылуу) беренеси боюнча кылмыш иши колголду. Учурда тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG