Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун бүгүнкүгө белгиленген соттук териштирүүсү 2-октябрга жылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шыкмаматов өзү билдирди. Буга анын жактоочусу Чынара Жакупбекованын депутат Аида Салянованын сотуна катышып бошобой жатканы себеп болгон.
Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматовго жана Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев менен Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге быйыл 17-февралда Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча иш козгогон.
Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, "кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылган. Мамлекеттик айыптоо тарап Шыкмаматов ошол кезде Эсеп палатасынын аудитору болуп туруп, аялына таандык автоунааны “Барат Люкс” деген компаниядан тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашканын айткан.
Оппозиционер саясатчы Шыкмаматов өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, "саясий куугунтук" деп атап келет. (UEz)