Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Президент башкы прокурорго шайлоо мыйзамын бузгандарга катуу чара көрүүнү тапшырды


Алмазбек Атамбаев жана Индира Жолдубаева.
Алмазбек Атамбаев жана Индира Жолдубаева.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-сентябрда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузгандарга катуу чара көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Индира Жолдубаева шайлоо мыйзамдарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди. Анын айтымында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда катталган мыйзам бузуулар, андан тышкары шайлоочулардын добушун сатып алуу жана администрациялык ресурстарды колдонууга байланыштуу фактылар боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул маалыматтарды уккан Атамбаев Башкы прокуратурага президенттик шайлоо мезгилинде мыйзамдын сакталышына көзөмөлдү күчөтүп, мыйзам бузуулар аныкталса, катуу чара көрүүгө тапшырма берди.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда 13 талапкер үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө.(UEz)

XS
SM
MD
LG