Сирияда орус армиясынын дагы бир жогорку кызматкери мерт болду. Генерал-лейтенант Валерий Асапов Сириянын Дейр-эз-Зор шаарынын айланасындагы согушкерлердин минометтук аткылоосунан каза тапканын Орусиянын Коргоо министрлиги тастыктады. Маалыматка ылайык, снаряд командалык бөлүккө келип түшкөн.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы кабарлагандай, генерал Асапов соңку бир аптада мерт болду деп кабарланган бешинчи аскер кызматкери болуп калды.
"Рейтер" агенттиги жыл башынан бери Сирияда 40тан ашык орусиялык аскер каза тапканын кабарлаган. Орусиянын Коргоо министрлиги он аскердик кызматкердин өлүмүн гана расмий тастыктаган.