Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Оштун тургунунун арызы менен Чоң-Алайдын үч милиционери иштен алынды


Ош аймагынын милициясы расмий иш-чара учурунда. Иллюстрация.
Ош аймагынын милициясы расмий иш-чара учурунда. Иллюстрация.

ИИМдин буйруктарынын жана органдын ички кызматтык уставынын талаптарын бузгандыгы үчүн Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери: милициянын старшинасы А.у.А., милициянын кенже лейтенанты Ж.Д., милициянын ага лейтенанты К.А ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдирди.

Ошондой эле аталган райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигине тартиптик жаза берилди.

Ал эми жогорудагы аты аталган кызматкерлердин ички иштер органдарынын катарында калуу маселеси тергөөнүн жыйынтыгы чыгып, юридикалык баа берилгенден соң каралмакчы.

Буга чейин Ош шаарынын тургуну Фахридин Назиров аны жана чогуу келаткан тажикстандык этникалык кыргыздарды Чоң-Алайда милиция кызматкерлери негизсиз коркутуп, акча алганын билдирип, прокуратурага арыз жазган. (ErN)

XS
SM
MD
LG