Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Ашхабад-2017: Кыргызстандык беш спортчу финалга чыкты


Ушул күндөрү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан имарат ичиндеги жана таймаш өнөлөрү боюнча V Азия оюндарында кыргызстандык беш спортчу финалга жолдомо алса, төрт спортчу коло медал тагынды. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак бүгүн, 25-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 58 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Айсулуу Тыныбекова алтын байге үчүн кытайлык Ксингру Пей менен менен таймашат.

Кикбоксинг спортунан Алексей Федосеев (63.5 кг) жана Аманбек Авазбеков (57 кг.) финалга чыгышты. Башкы байге үчүн экөө тең түркмөнстандыктар менен күч сынашат.

Күжүрмөн самбодон Орозбек Автандил уулу (62 кг.) финалда түркмөнстандык Керимберди Довлетов менен беттешет. Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча кечки саат 7де башталат.

Бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн Изатбек Ратбеков финалда казакстандык Алибек Омаров менен ойнойт. Ал жарым финалда Ибабекир Бекдурдиевди 5:2 эсебинде утуп алды.

Спорттун ушул эле түрүнөн дагы бир кыргызстандык бильярдчы Канат Сыдыков жарым финалда казакстандык Алибек Омаровго жеңилип коло медал тагынды. Ошондой эле кыргызстандык үч кикбоксчу 3-орунду ээледи. Кикбоксингдин кик лайт түрүнөн Айбек Дүйшөмбиев (69 кг.), лоу кик түрүнөн Акрам Баратов (51 кг.) жана жарым контакт түрүнөн Чыңгыз Калбаев (69 кг.) коло медалга татышты.

Алдыда жети спортчу коло байге үчүн таймаштарга чыгат. Кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Назира Марсбек кызы (53 кг.), Айпери Медет кызы (75 кг.), самбодон Дөөлөт Сатаркулов жана Белек Бараканов (57 кг.), Урмат Мамбетжан уулу (74 кг.), күжүрмөн самбодон Эдилбек Шакирмаматов (82 кг.), Максат Мусабаев (+100 кг.) коло медал үчүн күч сынашат.

Учурда Кыргызстандын эсебинде жети алтын, 15 күмүш жана 30 коло медал бар. Жалпы 52 байге менен Кыргызстан медал алган 36 өлкөнүн арасында 11-орунда бара жатат. (ECh).

XS
SM
MD
LG