Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Жапонияда 22-октябрда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт


Синдзо Абэ 25-сентябрдагы маалымат жыйынында, Токио шаары.
Синдзо Абэ 25-сентябрдагы маалымат жыйынында, Токио шаары.

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ парламенттин төмөнкү палатасын таратып, октябрь айында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрөрүн расмий жарыялады. Ал дүйшөмбүдө Токиодо өткөргөн маалымат жыйынында парламент 28-сентябрда тарай турганын, жаңы шайлоо 22-октябрда өтөрүн билдирди.

"Калктын саны азайып, жашы улгайып бараткан улуттук кризис мезгилинде жана Түндүк Корея менен чыңалган абал өкүм сүрүп турганда мен алдыга чыгып, бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн күчтүү лидерликти көрсөткүм келет",-деди Синдзо Абэ.

Жапон премьер-министри бул чечимин саясий рейтинги өйдө болуп, оппозиция иретсиз абалда турган чакта жарыялады.

Июль айынан бери Абэнин рейтинги 30дан 50 пайызга көтөрүлдү. Буга анын Түндүк Кореянын тынымсыз аскердик сыноолоруна каршы позициясы көмөк көрсөттү. Оппозиция болсо Синзо Абэни жакын тааныштарын бийликке алып келди деп айыптап жатат.

XS
SM
MD
LG