Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Түркия ирактык күрттөргө чара көрүлөрүн эскертти


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ирактык күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча талаштуу референдумунун жыйынтыгын тааныбастыгын, бул боюнча Ирактын Күрт автоном аймагына чара көрүлөөрүн эскертти. Ал Стамбулда 25-сентябрдагы билдирүүсүндө Түркия Ирактын күрттөр байырлаган аймагынан келген мунай түтүктөрүн бууп салышы мүмкүндүгүн, чек аралар жабылышы ыктымалдыгын кыйытты.

"Бул аптада башка чараларды жарыялайбыз жана ага карата кадам таштайбыз. Чек арада кириш-чыгыш токтойт",-деди Эрдоган.

Бүгүн Күртстанда Түркиянын, Ирандын жана расмий Багдаддын каршылыгына карабай көз карандысыздык референдуму өтүп жатат. Каттоодон өткөн 5 миллиондон ашык шайлоочунун басымдуу бөлүгү референдумду колдойт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG