Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:02

Ирактын Күрт автоном аймагында ички да, тышкы да каршылыкка карабай, бүгүн көз карандысыздык боюнча талаштуу референдум өтүп жатат. Анын жыйынтыгында аймак калкынын басымдуу көпчүлүгү Күрт автономиясынын көз карандысыздыгын колдойт деп күтүлүүдө. Бирок бул референдум жыйынтыгы дароо эле укуктук күчкө ээ болот дегенди туюндурбайт.

Күрт автономиясынын бийликтери жарыялагандай, аларга караштуу үч провинцияда жана айрым коңшу аймактарда, анын ичинде мунайга бай, бирок макамы талаштуу Киркук шаарында 12 миңдей шайлоо бекети дүйшөмбү күнү Бишкек убактысы боюнча эртең мененки саат 11ден тарта ачылды.

Добуш берүү жараяны он эки саатка созулуп, баштапкы расмий жыйынтыктар, бир сутка ичинде жарыяланат деп күтүлүүдө:

- Бүгүн Күртстанда салтанат. Референдум бизде өз мамлекетибиз, жүз жыл көздөгөн мамлекетибиз болот дегенди билдирет. Биз бул күндү, бул салтанатты узактан бери тилегенбиз, күткөнбүз. Чынчыл күрттөрдүн баары "ооба" деп добуш бериши керек, - деди кабарчыларга дүйшөмбү күнү аймактын борбору Эрбилде эң алгачкылардан болуп шайлоо бекетине келгендердин бири Розкар Лашкари.

Добуш берүү күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында уюштурулуп жатат.

Эрбилдин четиндеги Салахуддин кыштагындагы шайлоо бекетинде ата-бала Барзанилер да эртелеп, улуттук баш кийимчен келип добуш беришти.

Президент Массуд Барзани добуш бергенден кийин. 25-сентябрь, 2017-жыл.
Президент Массуд Барзани добуш бергенден кийин. 25-сентябрь, 2017-жыл.

​Автономия президенти Масуд Барзанинин уулу Масрур Барзани Коопсуздук кеңештин катчысы кызматын аркалайт, ал эми аталаш иниси Нечриван Идрис Барзани аймактык өкмөттүн премьер-министри.

Масуд Барзани референдумдун жуп алдында аны токтотуу тууралуу Ирактын ичинен да, тышынан да айтылган чакырыктарды четке кагып жатып, буларды белгиледи:

- Тилекке каршы биз азыр Багдадда бийликте турган адамдардын жүзү гана алмашканын түшүндүк, менталитети болсо бизге каршы Анфал өнөктүгүн жүргүзгөн адамга эле окшош. Референдум чек араларды сызып, кайсыл бир чөйрөдө кво-статусун таңуулабашы абзел. Референдумдан кийин Багдад менен терең диалогду баштоого даярбыз. Биздин диалогубуз эки коңшунун жакшы карым-катышы жөнүндө болот. Анткени бир мамлекеттин ичиндеги өнөктөштүк ийгиликке жеткен жок, турмушка ашпай калган өнөктөштүктү биз кайра сүйлөшпөйбүз, - деди Барзани.

Ал Анфал өнөктүгү деп 1980-жылдары Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейиндин тушунда күрттөр кыргынга кабылган учурларды эске алып жатат.

Референдумга акыркы сааттарга чейин Багдаддагы бийликтер да каршылык көргөзүп жатышты. Премьер-министр Хайдар ал-Абади күрттөргө тикелей кайрылуу да жолдоду:

- Күртстан аймагынын көйгөйлөрүнүн көбү Багдаддан барган жок, алар ички эле маселелер жана бөлүнүү жөнүндөгү чакырыктардан улам дагы күчөйт. Аймактын каржы - экономикалык проблемалары ириде коррупция менен чарбасыздыкка байланыштуу. Мен күрт элибизге айтат элем, мунайдан түшкөн акчанын тагдырын аймактын бийликтеринен сурагыла. Алар күнүнө 900 миң баррел мунайды же Иракта өндүрүлгөн кара майдын төрттөн бирин көзөмөлдөөдө. Биз күрт калкынан баш тартпайбыз, сектанттык жана расисттик мамлекетти четке кагабыз. Ирак ирактыктардын баары үчүн калат, биз кимдир бирөөгө көздөгөнүн эч бир кесепетсиз жасоосуна жол бербейбиз, - деди премьер Абади.

Ирак өкмөтү чет мамлекеттерди Күрт автоном аймагы менен мунай соодасын токтотуп, чек ара жана аэропорт иштеринде расмий Багдад менен гана кызматташууга чакырууда.

Күрт референдумуна каршы өлкөлөрдөн Иран, мамлекеттик медианын кабарларына караганда, Ирактын күрт аймактарына учак каттамдарын толук токтотту.

Референдумду майрамдап жаткандар. Киркук, 25-сентябрь, 2017-жыл.
Референдумду майрамдап жаткандар. Киркук, 25-сентябрь, 2017-жыл.

​Өзү буга чейин жарыялангандай, Ирак өкмөтү менен бирге Иран жана Түркия күрт референдумуна каршы чараларын координациялап турууну макулдашкан.

Көз карандысыздык референдуму бул чөлкөмдө “хаос” жаратат деген турумду карманып турган Тегеран менен Анкаранын тынчыздануусу алардын аймагында да ири сандагы күрт азчылыгы бардыгынан улам:

- Референдум чечими жана анын өткөрүлүшү Түркия үчүн улуттук коопсуздуктун маселеси. Бул улуттук коопсуздуктун маселесине айланганда Түркия эл аралык жана эки тараптуу келишимдерден чыккан укуктарын пайдалануудан эч тайсалдабайт, - дейт түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым.

Талдоочулар Түркия өкмөтү Ирактын күрт автоном аймагына каршы биринчи кезекте колдонуучу ыктымал чаралар катары чек ара өткөөлдөрүнүн, мунай түтүктөрүнүн жабылышын болжолдошууда.

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен күрт референдумун Израил колдогон.

Австриядагы күрттөрдүн референдумду колдогон акциясы. Вена, 25-сентябрь, 2017-жыл.
Австриядагы күрттөрдүн референдумду колдогон акциясы. Вена, 25-сентябрь, 2017-жыл.

​АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү, Улуттар уюму бул “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштөн алагды кылып, макамы талаш аймактарда башаламандык жаратат деген тынчыздануусун билдиришкен.

Ирак, Сирия, Түркия, Ирандагы күрттөрдүн жалпы саны кеминде 20 миллиондон ашуун деп эсептелсе, Ирактын күрт автономиясында беш миллиондон ашуун калк бар.

Буга чейин алар 2005-жылы да бейрасмий референдум өткөрүп, анда добуш бергендердин дээрлик 99% көз карандысыздыкты жактаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG