Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Ирактын парламенти күрт референдумун четке какты


Күрт референдумуна каршылардын акциясы. Ирак, 9-сентябрь, 2017-жыл.
Күрт референдумуна каршылардын акциясы. Ирак, 9-сентябрь, 2017-жыл.

Шейшембиде Ирак парламенти Күрт автономиясынын көз карандысыздык боюнча референдумун четке какты. 25-сентябрга белгиленген референдумга Багдад менен катар коңшу Иран, Түркия да каршы чыгууда.

Ирак парламентинин депутаттары шейшембиде добуш берүү аркылуу 25-сентябрга белгиленген Күрт автономиясынын көз карандысыздык боюнча референдумун четке кагышты. Күрт тектүү депутаттар добуш берүүдөн баш тартып, залдан чыгып кетишти. Парламент спикери Салим ал-Жабуринин айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгы мыйзам чыгаруучулар Ирактын бүтүндүгүн жакташарын көрсөттү:

- Ирак жакында эле “Ислам мамлекети” террордук тобун жеңди. Ошондуктан коопсуздукту жана социалдык туруктуулукту буза турган кандай гана чара болбосун парламент тарабынан четке кагылат, - деген спикер премьер-министр Хайдар ал-Абадини “өлкөнүн бүтүндүгүн сактоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө, күрт лидерлери менен олуттуу диалог” баштоого чакырды.

Ирак парламентинин спикери Салим ал-Жабури.
Ирак парламентинин спикери Салим ал-Жабури.

Өз кезегинде өкмөт башчы Хайдар ал-Абади Күрт автономиясынын лидерлерин сүйлөшүүгө чакырып, референдум бир эле Ирактын эмес, жалпы аймактын коопсуздугуна кедергисин тийгизерин эскертти:

- Министрлер кеңеши Ирак биримдигин сактоо маселеси курч турганын жана Конституцияны аткаруу зарылдыгын бышыктайт. Референдум тууралуу чечим бир тараптуу кабыл алынбайт. Мен күрт жетекчилигин Багдадга келип, сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарууга чакырам. Диалог - бул маселени чечүүнүн жалгыз жолу. Мен диалог өткөрүүгө, байланыштарды кармоого дилгирмин. Бул референдум аймактын жана Ирактын коопсуздугуна коркунуч туудурат.

Жыйынтыгы укуктук күчкө ээ эмес референдумга расмий Багдад менен катар коңшу Иран, Түркия да каршы чыгууда. Бул өлкөлөрдүн бийликтери ал жактагы күрттөр да өз алдынчалык тууралуу маселени көтөрүп чыгышынан кооптонушат.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу "ансыз да абал курчуп турган маалда референдум өткөрүү жакшы эмес" деген пикирин буга чейин бир нече жолу айткан:

- Өлкө көптөгөн көйгөйлөргө дуушар болуп жаткан маалда көз карандысыздык боюнча референдум кырдаалды дагы күчөтөт. Кудай сактасын жарандык согуш да чыгып кетиши мүмкүн. Бул олуттуу маселе. Биз бул референдумга каршы экенибизди ачык айттык. Референдум өткөрүлбөшү керек. Биз муну кайталоону уланта беребиз.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышоглу.
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышоглу.

​Ирактагы күрттөрдүн лидери Масуд Барзани референдумдун зарылдыгын “күрттөрдүн укугун толук” камсыздоо боюнча башка аракеттерден майнап чыкпаганы менен түшүндүрүүдө. Референдум Күрт автоном облусунун үч провинциясы - Дохук, Эрбил жана Сулейманиядан сырткары макамы толук чечиле элек Киркук, Синжар аймактарында да өткөрүлөрү кабарланууда. Масуд Барзани 12-сентябрда Киркукка барып, аймак лидерлери менен референдум маселесин талкуулады. Ал келечектеги көз карандысыз Күртстанда Киркук өзгөчө макамга ээ болоорун айтып, бул маселени бир гана аймак эли өзү чечүүсү керектигин кошумчалады.

- Бир гана Киркуктун эли аймактын тагдырын чечүүгө укуктуу. Биз эч кимге Киркуктун бул укугуна каршы чыгууга жол бербейбиз. Биз Киркук элинин чечимин сыйлайбыз, башкалар да күрттөрдүн каалоосун сыйлашы керек. Референдум бул чек аранын демаркациясы эмес. Бул элдин каалоосу. Референдумдан кийин биз менен кызматташууга даяр бардык тараптар менен диалог жүргүзөбүз.

Күрт автономиясынын лидери Масуд Барзани.
Күрт автономиясынын лидери Масуд Барзани.

Багдаддагы борбордук өкмөттү дагы алсыратат деп чочулаган АКШ менен Евробиримдик да ​референдумга каршылыгын билдирген. Күрт аймагында 5,5 миллиондой калк бар жана ал автономия укугун 2005-жылы Иракты федералдык республикага айланткан Конституциянын негизинде алган. Бул аймак мунайга абдан бай чөлкөм деп эсептелет. Ар кандай эсептөөлөр боюнча автономия аймагында мунайдын 45 миллиард баррелге жеткен кору бар. Бул Ирактагы мунай корунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт дегенди билдирет.

2014-жылы Ирактын басымдуу бөлүгүн өз карамагына алган "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы согушта күрттөрдүн "Пешмерга" куралдуу кошуундары жоочуларды жеңүүдө өкмөттүк армияга чоң жардам көрсөткөнү маалым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG