Кемероводо жол кырсыгында 16 жаштагы кыз каза таап, сегиз адам жаракат алды. Орусиянын Красноярск шаарынан Кыргызстанга жол тарткан "Тойота" минивэни 25-сентябрда таңга маал жол кырсыгына учураган. Кырсыкта 2001-жылы туулган өспүрүм каза таап, сегиз адам жаракат алган. Бул тууралуу "Азаттыкка" унаадагы жүргүнчүлөрдүн бири Кутбидин Салиев маалымдады. Учурда жабыр тарткан сегиз адамдын экөө оор абалда реанимацияда жатышат.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маалымат такталып жатканын маалымдады. (LzT)