Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Мигранттарга арналган сүрөт көргөзмөсү өтөт


"Мигранттар: Борбор Азиядагы көрүнбөс күчтөр" деп аталган фото-сынактын жыйынтыгы 26-сентябрда чыгарылат. Көргөзмө Американын Борбор Азиядагы университетинде, Бишкекте өтүп жатат.

Сынакка кырктан ашуун сүрөт катышкан. Көргөзмөдөн тышкары бүгүн мигранттар тууралуу даректүү тасманын бет ачары болот.

"Мигранттар: Борбор Азиядагы көрүнбөс күчтөр" деп аталган фото-сынак Эл аралык миграция уюму жана Тянь-Шань иликтөө борбору тарабынан быйыл жазында жарыяланган. Сынак эки номинацияда: кесипкөй сүрөтчүлөрдүн жана студенттердин арасында жүргүзүлдү.
Натыйжада беш жеңүүчү: үч адис сүрөтчү, эки студент тандалып алынган.

Бул сүрөт көргөзмөсү буга чейин Алматы жана Астана шаарларында болуп өткөн. Бишкектен кийин Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө жана Борбор Азиянын башка шаарларына сапар алат. Сүрөт көргөзмөсү Бишкекте эки жумага созулат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG