Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Шайлоо боюнча маалымат өнөктүгү жүрүүдө


Кыргызстанда «Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» аталышындагы маалымат өнөктүгү жүрүп жатат

Аны «Жарандык платформа» коомдук фонду ишке ашырууда. Аталган фонддон "Азаттыкка" маалымдашкандай, Бишкек жана Ош шаарларында эки маалыматтык-ресурстук борбор иштеп жатат. Анда жарандар адистерден консультация, шайлоо укугу жана шайлоо процессине байланыштуу бардык суроолор боюнча керектүү маалыматтарды алышат.

Жарандарга шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоого жана шайлоо мыйзамдарындагы укук бузуулар боюнча ыкчам маалыматтарды жыйноо үчүн 1590 кыска номерлүү ишеним линиясы ишке кирип жатат.

Өнөктүктүн алкагында шайлоо процессинин эрежелерине байланыштуу нускамалар таркатылды.

Бул демилге Швейцария элчилигинин колдоосу жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин DFID долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Ага катышуу үчүн 12 талапкер ат салышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG