Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Бишкекте эки айдоочу унаа кырсыгынан каза болушту


Бишкек
Бишкек

Соңку бир сутка ичинде Бишкек шаарында эки жерде айдоочусу каза болгон унаа кырсыгы катталды.

Өзгөчө министрлигинен кабарлашкандай, Биринчи Май районунда жүк ташуучу автоунаанын ички салону жана кыймылдаткычы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Айдоочусу ошол жерден набыт болду. Ал Казакстандын жараны экени айтылууда.

Свердлов районунда “Вольво” жана “Мерседес” автоунаалары сүзүшкөн. Кырсыктын натыйжасында “Мерседес" автомашинасынын 36 жаштагы айдоочусу каза тапты. Куткаруучулар каза болгон айдоочуну унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

XS
SM
MD
LG