Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

ӨКМ: Тогуз айда 134 адам сууга чөгүп каза болду


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Майя Шаимкулова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, 26-сентябрга карата быйыл жыл башынан бери 134 адам сууга чөгүп каза болгону аныкталды. Алардын 78и эркек киши, 18и аял, 38и балдар.

- Эгер сезонго бөлүп карай турган болсок, булардын 100ү жайкы сезондо мерт болгондор. Баары эле чөмүүдөн кырсыктаган эмес, арасында автоунаасы сайга кулап кетип, чыга албай калгандары да бар, - дейт Шаимкулова.

Аймактардан сууга чөккөндөр эң көп Чүй облусунда катталган: 38 адам. Андан кийин Жалал-Абад облусу: 20 өлүм.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү учурунда коопсуздук эрежелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин эскертүүдө.

Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку үч жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин өскөн. Былтыр бир жылда 112 адам болсо, мурдагы жылы 120. Акыркы алты жылда мындай кырсыктан жалпы 500дөн ашык киши мерт болгон.

Быйылкы 134 кырсык акыркы алты жылдагы рекорддук көрүнүш болуп калды. (ErN)

XS
SM
MD
LG