Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Ысык-Көлдө 265 жетим бала турак жайга муктаж


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көл облусунда ата-эненин көзөмөлүсүз калган 265 жетим бала турак жайга муктаж. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ысык-Көл облустук прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жетим балдарды турак жай менен камсыз кылуу жана мамлекеттик, муниципалдык социалдык жатаканаларды куруу маселесин чечүү, ички жана тышкы инвесторлорду тартуу жаатында бир дагы иш аткарган эмес.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун аймагында ата-энесинин көзөмөлүсүз калган 406 жетим бала бар.

Ушул жылдын 1-июлуна карата үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнөн 20 бала чыкты. (AsM)

XS
SM
MD
LG