Бишкек шаарында жаңы төрөт үйү курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Перинаталдык борбор №1 Төрөт үйүнүн короосунда ачылат. Анын курулушун баштоо салтанаты 27-сентябрда өтөт.
Негизги каржылык жардамды Германия өкмөтү бермей болду.
10 миллиондон ашуун евро курушул иштерине, жабдык сатып алууга бекер берилет.
Мындан тышкары кыргыз өкмөтү 950 миң евролук каражат бөлүүгө милдеттүү болот. 10 төрөт залы, үч операциялык зал, 32 реанимациялык орун ачуу пландалууда.
Бишкекте алты төрөт үйү бар. (RK)