Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Күрт автономиясындагы референдумдун добуштары эсептелүүдө


Ирактагы Күрдистан чөлкөмүнүн картасы
Ирактагы Күрдистан чөлкөмүнүн картасы

Ирактын Күрт автономиясында референдумдагы добуштар эсептелип жатат. 25-сентябрдын кечинде германиялык DPA маалымат агенттиги автономия борбору Эрбил шаарындагы баштапкы жыйынтыкка ылайык, шайлоочулардын 90% көз карандысыздыкты жактады деп жарыялады.

Ушундан соң Ирактын премьер-министри Хайдар Ал-Абади күрт лидерлери менен сүйлөшүү жүргүзбөсүн айтып, референдумду "конституциялык эмес" деп баалады.

Ал эми Күрдистан автономиясынын президенти Масуд Барзани добуш берүүнү аймактын көз карандысыздыгы боюнча сүйлөшүүлөрдүн узак процессиндеги биринчи кадам деп баалады.

Шайлоо комиссиясы добушканаларга 4,5 млн шайлоочунун 72% келгенин маалымдады. Акыркы жыйынтык 28-сентябрда чыгарыларын да белгиледи.

Референдумга Ирактан тышкары Иран, Түркия каршы чыккан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү, Улуттар уюму бул “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштөн алагды кылып, макамы талаштуу аймактарда башаламандык жаратат деген тынчыздануусун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG