Өзбекстан өкмөтү өлкөдөгү үй-жаныбарларынын баарын 2020-жылдын 1-июнуна чейин идентификациялап, бирдиктүү электрондук базага каттоону чечти. Тийиштүү токтом 22-сентябрда кабыл алынды.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча катталбаган жаныбарларды кармоого тыюу салынат. Системага катталган мал-жандыктарга бирка же эн тамга басылат.
Мындан тышкары атайын чип аркылуу ар бир жаныбарды электрондук каттоого алуу жагы да документте көрсөтүлгөн. Ага үй жаныбары тууралуу маалыматтар, анын эркек же ургаачы экени, туулган датасы, ээсинин аты-жөнү, кармалган орду, ветеринардык паспорту тууралуу маалыматтар камтылат.