Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Түркияда "Жумхуриеттин" бир журналисти абактан бошотулду


Кадри Гүрсел (оңдон экинчи)
Кадри Гүрсел (оңдон экинчи)

Түркиядагы белгилүү журналист Кадри Гүрсел 25-сентябрдын кечинде, "Жумхуриет" гезитинин кызматкерлеринин Стамбулдагы соту учурунда эркиндикке чыгарылды. Бирок дагы төрт шектүү камакта калмай болду.

Гүрсел абак сыртындагы туугандары жана кесиптештери менен амандашып жатып: "Майрамдаганга себеп жок. Анткени "Жумхуриеттин" бир катар журналисттери адилетсиз жана негизсиз айыптарга туш болушту. Алардын эркиндигин тартып алышты" деди.

Гезиттин 17 журналистине Түркияда террордук деп саналган үч топтун ишмердигин чагылдыруу менен аларды колдогон деген айып тагылууда. Ал топтордун арасында Анкара өткөн жылкы төңкөрүш аракетин уюштурган деп эсептеген Фетхулла Гүлендин кыймылы да бар.

Тарапташтары "Жумхуриет" түрк медиасындагы аз сандагы сынчыл маалымат каражаттарынын бири болгону үчүн жазаланууда дешет.

Өлкөдөгү Көз карандысыз журналистика платформасы Түркияда 171 журналист абакта жатканын, алардын көбү төңкөрүш аракетинен кийин жарыяланган өзгөчө абал учурунда кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG