Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Каталониянын Жогорку Cоту 40 сайтты жапты


Каталониянын эгемендигин талап кылган митингдеги полиция кызматкери. 20-сентябрь, 2017-жыл
Каталониянын эгемендигин талап кылган митингдеги полиция кызматкери. 20-сентябрь, 2017-жыл

Каталониянын Жогорку Cоту аймактын эгемендиги үчүн референдум тууралуу маалымдоочу 140 сайтты жапты.

Бул тууралуу EFE маалымат агенттиги кабарлады. Жабылган сайттардын ичинде Каталониянын улуттук ассамблеясынын сайты да бар. Андан автономиялык аймактын тургундары добуш берүүчү участоктордун дарегин билүүгө жана добуш берүү кагаздарын чыгарып алууга мүмкүн эле.

Каталониянын эгемендиги үчүн референдум 1-октябрга белгиленген. Эгерде көпчүлүк автономиянын Испаниянын курамынан чыгуусуна добуш берсе, Каталония бийликтери добуштар эсептелгенден соңку 24 саат ичинде көз карандысыздыкты жарыялоону мүдөө кылышууда.

Испан бийликтери референдумдун өткөрүлүшүнө каршылыгын расмий түрдө билдирген. Каталониянын полициясы 29-сентябрдан тарта бардык шайлоо участокторунда көзөмөлдү күчөтүүгө милдеттендирилди.

Июль айынын аягында Испаниянын Конституциялык соту бул референдумдун мыйзамсыздыгы тууралуу токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG