Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:46

Мурдагы баш прокурор, парламент депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү Ленин райондук сотунда уланат.

Анда адвокат Чынара Жакупбекова өткөн процессте бүтпөй калган жарыш сөзүн улантат. Андан кийин Саляновага акыркы сөз берилет. Салянованын тарапкери, журналист Жакшылык Бердибековдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 27-сентябрдагы соттук отурумда өкүм чыгышы күтүлүүдө.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сураган.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнүн күнөөсүздүгүн айтып, бул иш саясий буюртма деп белгилеп келет. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG