Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

АКШнын коргоо министри менен НАТО башкатчысы Кабулга барды


НАТОнун кербени жанкечтинин кол салуусуна кабылган учур. Кабул, 24-сентябрь, 2017-жыл.
НАТОнун кербени жанкечтинин кол салуусуна кабылган учур. Кабул, 24-сентябрь, 2017-жыл.

Алар Ооганстандын борборуна бүгүн келип түшкөнүн НАТОнун ал жердеги миссиясы билдирди.

Жим Мэттис менен Йенс Столтенберг Кабулда ооган президенти Ашраф Ганиге жана АКШнын, НАТОнун аскерий өкүлдөрү менен жолугары күтүлүүдө.

Бул жыйындардын башкы күн тартиби АКШ президенти Дональд Трамптын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясынын ишке ашырылуусу болчудай.

Жаңы планга ылайык, Кошмо Штаттар буга чейин Ооганстанда турган 11 миңдей аскерине кошумча дагы 3000 жоокер жөнөтүүдө. Алар мурдагыдай эле жергиликтүү күчтөрдү машыктырып кеңеш бериши керек.

Коңшу Пакистандан Талибан менен башка террордук топтордун согушкерлерине башпаанек бербөөнү да талап кылган жаңы стратегиянын сынчылары кезинде АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңден ашканын эске алуу менен анын ийгилик табарынан күмөн санашат. (UE)

XS
SM
MD
LG