Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:58

Өзбекстанга кайткан диссидент жазуучу аэропорттон кармалды


Нурулла Атаханов

Түркияда акыркы эки жылдан бери өз эрки менен бозгунда жашаган Нурулла Атаханов Ташкентке бүгүн эртең менен кайтып келген.

Жазуучуну аэропортко келер замат полиция колуна кишен салып кармап алып кеткенин Рейтер агенттигине анын жубайы Гулнара Атаханова билдирди.

Атаханованын айтымында, полиция ага күйөөсүн аэропорттун полиция бекетине алып барышарын гана айтып, бирок себебин түшүндүрүшкөн эмес.

63 жаштагы Нурулла Атаханов (өзбекче - Нурулло Отаханов, толугураак - Нуруллох Мухаммад Рауфхон) Стамбулдан мекенине кайтар алдында “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен баарлашкан. Ал мындай чечимге президент Шавкат Мирзиёев чет өлкөдөгү өзбек интеллектуалдарын мекенине чакыруусунан улам келгенин билдирген.

Жазуучу Түркияга ал эки жыл мурда Ferfir басылмасынын чакыруусу менен барганын айткан.

-Бул басылма жаңы китебимдин бет ачарына катышуу жана окурмандар менен жолугушуу үчүн чакырган. Бул иш-чараны өткөрүү кийинкиге жылып, бир нече убакыт Түркияда калууга туура келди. Бул аралыкта “Бул күндөр” аттуу китебим жарык көрдү, анда Өзбекстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки өнүгүүсү сынга алынган. Ушул китеп чыккандан кийин маселе жаралды. Көптөгөн досторум Өзбекстанга кайтпай турууга кеңеш беришти, ‒ деген эле жазуучу Түркияда калуусунун себептерин түшүндүрүп.

2013-жылы жазуучу белгисиз себептерден улам "Мавенраннахр" ( «Мовароуннахр») басма үйүнүн директорлугунан жана «Хидоят» журналынын жооптуу редакторлугунан бошотулган.

Быйыл августта өзбек президенти Шавкат Мирзиёев диний уюмдардын бир нече миң мүчөсү менен диссиденттер мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун тушунда түзүлгөн "кара тизмеден" чыгарыла тургандыгын жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG