Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

Орусиянын соту Крым татар лидерин “сепартизм” үчүн айыптады


Илми Умеров сот олтурумунда. 20-сентябрь, 2017-жыл.
Илми Умеров сот олтурумунда. 20-сентябрь, 2017-жыл.

Симфереполдогу сот бүгүн Илми Умеровду “сепартизм” үчүн айыптоо менен эки жылга колониялык жайга кести.

Крым татарларынын коомдук уюму - Межлисте төрагага орун басарлык кылган Илми Умеров 2014-жылы Крыс аннексияланып, жергиликтүү татарлар куугунтукка кабылгандан бери Орусиянын ачык сынчысы болуп келет.

Былтыр август айында ал Крымдын орусиячыл бийликтери тарабынан мажбурланып, психиатриялык ооруканага да жаткырылган.

Буга эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму активисттин укугун ашкере бузуу катары баа берип, айыптаган.

59 жаштагы Умеров сотто сүйлөгөн учурунда өзүн “Украинанын гана жараны, Крымдын азыркы жетекчилигин оккупациялык бийликтер деп санарын”, ага тагылган “айыптын жалгыз максаты - аннексияны сындагандарды жазалоо” экенин билдирген.

Батыш өлкөлөрү Умеровго козголгон кылмыш иштин саясий жүйөсү бар деп эсептешет. (UE)

XS
SM
MD
LG