Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:17

АКШ аскерий колбашчысы Украинага коргонуу куралдарын берүүнү сунуштады


Украина аскерлери НАТОнун машыгуусу учурунда. 15-сентябрь, 2017-жыл.
Украина аскерлери НАТОнун машыгуусу учурунда. 15-сентябрь, 2017-жыл.

АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы Жозеф Данфорд бул тууралуу Сенат комитетиндеги угууда билдирди.

Данфорддун айтымында, Украинага адам өмүрүнө зыян келтире ала турган коргонуу куралдары ал өзүнүн “суверенитетин коргоосуна” жардам көргөзүү үчүн берилиши керек.

Аскерий колбашчы сунушу азыр каралып жатканын, чечимди Ак үй кабыл аларын да кошумчалады.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын тушунда АКШ Украинага аскерий жардам көргөзгөндө радар жабдуулары, түндө көрүүчү көз айнектер өңдүү адам өмүрүнө зыян келтирбей турган гана жабдууларды берген.

Обама администрациясы куралдын башка түрүнүн берилиши өкмөттүк күчтөр менен Орусия колдогон жикчилердин согушун күчөтүп жибереби деп чочулаган эле.

Украин бийликтери болсо АКШдан курал берүүнү, өзгөчө танкка каршы ракеталык системаларды жөнөтүүнү суранган.

Америкалык аскерий колбашчы Данфорд белгилегендей, АКШ Украинанын Орусия жабдыган согушкерлерге каршы коргонуусун иликтегенде алардын коргонуу мүмкүнчүлүгү менен муктаждыгы ортосундагы “ажырым” аныкталды. Эгер ошол “ажырым толтурулса, украиналыктардын өзүн коргоо жөндөмү артат”.

Украина чыгышында өкмөттүк аскерлер менен Орусия колдогон жикчилердин 2014-жылдын апрелинен берки кагылыштарда 10 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. UE)

XS
SM
MD
LG