Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:28

Бирназаров режиссёрлор мектебине кабыл алууну баштады


Темир Бирназаров жана анын буга чейинки окуучулары

Белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров бир жылдык режиссёрлук курска кабыл алууну баштады. Бул тууралуу Бирназаров негиздеген "Тазар" кинокомпаниясынын өкүлү Асел Жураева билдирди.

Окуу 2017-жылдын ноябрь айында башталат. Курска кабыл алуу баарлашуу жана чыгармачылык иштерин көрүү аркылуу тандалып алынат. Устаттык окуулар кинорежиссёр, кинодраматургия, операторлук чеберчиликтин негиздери, актерлук чеберчилик, киноөндүрүш багыттарында жүрөт. Жалпы онго жакын шакирт кабыл алынып, курстун аягында алар өз тасмаларын тартышат. "Тазар" кинокомпаниясынан маалымдашкандай, кызыккандар +996 550 874 792 телефону аркылуу кайрылса болот.

Темир Бирназаров "Белгисиз маршрут", "Парз", "Кумар" фильмдеринин режиссёру. Анын тасмалары бир катар эл аралык фестивалдарда сыйлыктарга татыган. (ErN)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG