Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:33

Түркияда эки жыл бозгунда жүргөндөн кийин Ташкентке кайтып келген 63 жаштагы өзбек жазуучусу Нурулло Отаханов учурда Ташкенттин Яшнабад райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда.

27-сентябрда жазуучунун жубайы Гүлнара Отаханова билдиргендей, укук коргоо органдары күйөөсүн «Бу кунлар» («Бул күндөр») деген китебинде экстремисттик идеяларды пропагандалаган деп күнөөлөп жатат. Жазуучу ал китебинде Өзбекстандын эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдарын, мурдагы президент Ислам Каримов тарабынан негизделген режимди жана анын башкаруусу маалында калыптанган Өзбекстандагы авторитаризмди катуу сындаган.

Гүлнара Отаханованын айтымында, тергөөчүлөр өзбек өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комитет «Бу кунлар» («Бул күндөр») китебин экстремисттик деп тапкандыгын билдиришкен.

Жазуучу Нурулло Отаханов кечээ Стамбулдан Ташкентке кайтып келгенден кийин аэропортто кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG