Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

ӨКМдеги сатып алуулар боюнча кылмыш иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым кызматкерлерине карата кылмыш иш козголду. Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, алар Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген контракт кабыл алган” деген беренелери боюнча айыпталууда.

Аскер прокуратурасы козгогон кылмыш иште ӨКМдин сатып алуулар бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кара май ташыган ишкана боюнча тендерди мыйзам бузуу менен жүргүзгөнү айтылат. Натыйжада кара май кымбат баада сатылып алынып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген деп шектелүүдө.

Келишимде алдын ала төлөө деген талап болбосо деле тандалып алынган ишканага сегиз миллион сом которулганы, андан беш ай убакыт өтсо да дээрлик үч миллион сомдук дизелдик отун келе электиги айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG