Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:22

Бакыт Төрөбаевдин шайлоо штабы Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабына байланыштуу Боршайкомго жана Башкы прокуратурага арыз жолдоду. Бул тууралуу бүгүн Төрөбаевдин өкүлдөрү кабарлашты.

Алар Жээнбековдун штабында жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү иши жүрүп жатканы тууралуу маалыматка байланыштуу арызданганы айтылды.

“Азаттык” радиосунун кабарчылары Ош шаарынын жакасындагы Шейит-Дөбө участогунун Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан штабда биометрикалык маалымат чогултулуп жатканына өзү күбө болгонун 26-сентябрда билдирген. Интервью үчүн штабга барып ал ондогон адамдар кезекте турганын байкаган. Имараттын ичине кирген учурда Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү биометрикалык жабдуу турганын көргөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Ринат Алиев биометрикалык маалымат чогултуучу жабдуу аймактык кеңештердин имаратында иштөө үчүн гана берилгенин, эмне үчүн Жээнбековдун штабына берилип кеткенинен кабары жоктугун айткан.

Талапкердин штабы жайгашкан Ош шаарынын №3-кварталдык комитетинин башчысы Нажип Эрбабаев башка имарат жок болгондуктан Жээнбековдун штабында биометрикалык маалымат чогултуу жүрүп жатканын билдирген.

Мамлекеттик каттоо кызматы буга чейин биометрикалык каттоодон өтө элек 800 миңдей адам президенттик шайлоодо добуш бербей каларын айткан. Ушундан улам аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жарандардан биометрикалык маалымат чогултуу иштерин күчөткөнү кабарланган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Эки жылдан бери Кыргызстанда шайлоо жараяндары биометрикалык каттоонун негизинде жүрүүдө.

Катталган талапкерлер 13 болчу, бирок алардын бири Камчыбек Ташиев 25-сентябрда жарыштан чыгарын БШКга расмий билдирген. Ал Сооронбай Жээнбековду колдорун айткан.

Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабанов менен шайлоо алдында тандем түзгөн. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG