Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:08

Бишкекте карыларга арналган жармаңке өтөт


Карыялар жана Бишкектеги Курманжан датканын эстелиги. Коллаж. Иллюстрация.
Карыялар жана Бишкектеги Курманжан датканын эстелиги. Коллаж. Иллюстрация.

Эл аралык карылар күнүнө арналган “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция 29-сентябрда борбор калаадагы Курманжан Датканын эстелигинин алдында уюштурулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Жармаңкеде Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан чогулган карыялар өздөрүнүн кийизден, териден жана башка нерселерден жасалган улуттук сувенирлерин, буюм-тайымдары жана кол эмгектерин сатыкка коюшат. Андан сырткары алар айыл чарба продукцияларын да сатыкка коюлат.

Акцияда ошондой эле шахмат, 100 метрге чуркоо, лотерея, гимнастика жана бий сынак-жарыштары өтөт. Улгайган адамдарга биринчи жардамды көрсөтүү боюнча дарыгерлер мастер-класстарды өткөрөт. Соңунда белгилүү ырчылардын концерти болот.

Иш-чараны AgeNet International эл аралык уюму мэрия менен биргеликте уюштурууда. Акциянын максаты борбордогу жана аймактарды карыларга кам көрүү, колдоо көрсөтүү жана пенсияга кошумча каражат табуусуна көмөктөшүү болуп саналат. (ErN)

XS
SM
MD
LG